Печать
Категория: Коом
Просмотров: 127

УКМК бажы тармагындагы мамлекетке өлчөмсүз зыян келтирип, жеке адамдардын байышын шарттаган коррупциялык схеманы ачыктады. 

Атайын кызматтын маалыматына караганда, Мамлекеттик бажы кызматынын айрым жооптуу кызматкерлери жеке компаниялар менен жең ичинен сүйлөшүп, "жасалма-транзит" уюштурушкан. Аны ишке ашырууда бажычылар кызматтык укуктарын пайдаланышып, Кыргызстан аркылуу Кытайдан Өзбекстанга транзиттик жүктөрдү жиберип турушкан. Ал жүктөр Кыргыз Республикасынын аймагына бажылык тариздөөсүз түшүрүлүп, жасалма бажы декларациясы жана бажы идентификациялоо каражаттары менен пломбаланган бош жүк ташуучу унаалар Өзбекстан Республикасына кетишкен. Мыйзамсыз иштерден түшкөн каражат ага аралашкан бажычылардын жеке кызыкчылыгына жумшалган. 

"Жасалма-транзит" боюнча ачылган кылмыш ишинин негизинде, 16-17-мартта Бажы кызматынын 6 жооптуу кызматкери жана жеке компаниялардын 3 өкүлү кармалган. Алар учурда УКМКнын убактылуу кармоочу жайында. 

Белгилей кетчү жагдай, кармалгандар учурда бийлик бутактарында отурган адамдардын туугандары болуп чыкты. 

Ушул фактыга байланыштуу акыркы учурда соцтармактарда "УКМК менен Башкы прокуратура тирешип жатат" деген маалыматтар тараган. УКМК Башкы прокуратура менен эч кандай тирешүү жоктугун жана болушу мүмкүн эместигин билдирет. Тергөө аракеттерин жүргүзүүгө Башкы прокуратура тарабынан ыйгарым укук берилген жана анын процессуалдык көзөмөлүндө болууда. 

Учурда аталган коррупциялык схемага тиешеси бар бардык аныктоо жана зыяндын так өлчөмүн аныктоо боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат. 

Бул иш УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жеке көзөмөлүнө алынды.