Печать
Категория: Коом
Просмотров: 69

Мамлекеттик бажы кызматы "Түштүк-Батыш" бажысынын кызматкерлери товарларды жалган декларациялоо фактысын аныктады.

"А.А." алуучунун дарегине Бириккен Араб Эмираттарынан жүк ташуучу унаа менен 2017-жылы чыгарылган Toyota Camry, 2017-жылы чыгарылган Chevrolet Malibu жана 2020-чыгарылган Chevrolet S-park автомобиль тетиктери келген.

Жүк ташуучу унааны текшерүү учурунда унаадан декларацияланбаган 2003-жылы чыгарылган Honda Fit унаасы жана 5004 даана көлөмдө антиперспирант аныкталган.

Факт КБР МКЖ АДСке катталып, материалдар Ош облустук прокуратурасына өткөрүп берилди.