Баткен облусунун Кадамжай райондук соту эки жашар кызын сабоого шектелген келинди үй камагына чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды. Бул тууралуу 2-мартта “Азаттыкка” Кадамжай райондук сотунун маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кийинки сот отуруму 6-мартта өтөт.

Милиция билдиргендей, окуя 5-январда болгон. Келин өзүнүн кызын уруп, уюлдук телефонго тартып, жолдошуна WhatsApp аркылуу жиберген.

Келинге карата “Уруп сабоо” беренеси менен кылмыш иши козголгон. 1-февралда райондук сот шектүүнү бир айга камакка алуу чечимин чыгарган.