Депутат Шаирбек Ташиев Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстанда электрондук тамекилерди сатууга тыюу салууну сунуштады. 

Ал жаштар, айрыкча жаш келин-кыздар электрондук сигаретти колдонушаарына тынчсызданды. 

"Мамлекеттин башкы баалуулугу - бул эли. Өзүңүздөр билгендей, акыркы жылдары жаштар арасында, айрыкча жаш келин-кыздар арасында электрондук сигареттерди тарткандар көбөйдү. Аларды Кытайдан алып келишет, курамында эмнелер бардыгын эч ким билбейт. Белгисиз суюктукту кошушат. Биз бул зыяндуу заттарды көзөмөлгө алышыбыз керек. Биз Саламаттыкты сактоо министрлиги дарылашы керек деп ойлонбошубуз керек, ал оорунун алдын алуусу да кажет. Кудай сактасын, эгер эртең массалык оорулар башталса, кесепети оор болот. Биз бул маселени мамлекеттик деңгээлде кароого тийишпиз. Саламаттыкты сактоо министрлиги, ИИМ, КТРК менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүп же тарбиялык роликтерди тартууга тийишпиз", - деген депутаттарын кесиптештерин электрондук сигареттерге тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгууга чакырды. 

Ошондой эле, депутат экинчи маселени айтты. Бул сапар кыздар арасындагы наркотикалык дарыларды колдонуу боюнча. 

"Бул дагы кыздар арасында актуалдуу. Дарыканада сатылчу наркотика тууралуу айткым келип турат. Айрым дары каражаттары рецептсиз берилет, дарыканада кенен сатылат. Аны сатып алышып жытташат. Жаштарыбыз аны наркотика катары пайдаланышат. Саламаттыкты сактоо министрлиги кандай дары каражаттары зарыл, кайсылары зарыл эмес карап көрүп, аларды рецепт менен гана сатыла тургандай кылыш керек", - деди Шаирбек Ташиев.