16-февралда пиязды экспортоого салынган тыюуну алып салуу боюнча Жогорку Кеңеш токтом чыгарган. Бирок ал ушул күнгө чейин аткарыла элек. Бул тууралуу парламент жыйынында депутат Улукбек Ормонов билдирди.

Айтымында, анын айынан миңдеген фермерлер чыгашага учурашат.

“Өзүңүздөр билгендей, жаздын бир күнү бир жыл багат. Анын үстүнө түштүктө жаз эрте келет. Бир айдан кийин жаңысы өсүп чыгат, ошондо кимге чириген пияз керек болот? Фермерлер чыгашага дуушар болушат. Жогорку Кеңештин пиязды экспортоого тыюу салууну алып салган токтому дагы деле иштей элек, мына, бүгүн 2-март болуп калды. Аткарылбаса, анда эмнеге биз бул жерде талкуулап жатабыз? Мага баары иш сапарында, печать жана башка нерселер керек дешти. Бирок зарыл учурда документти электрондук печать менен жөнөтсө болот да. Эртең бул токтомдун кереги жок болуп калат”, - деди Ормонов.

Депутаттар Бакыт Сыдыков жана Акылбек Түмөнбаев Ормоновдун билдирүүсүн колдоого алышты. Алар дагы токтом тез арада аткарылбаса, дыйкандарга оор болоорун белгилешти.