Депутат Мирлан Самыйкожо Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер Кабинетинен чакан жана орто бизнеске берилчү пайызсыз насыялар боюнча отчет берүүнү талап кылды. Ошондой эле, парламент жыйынында Улуттук банктын өкүлдөрүн чакырып, маалымат алууну сунуштады.

Айтымында, ишкерчиликти колдоо үчүн 50 миллион доллар жана 75 миллион доллар насыя алынган.

“Аларды ишкерчиликке 13 банк аркылуу пайызсыз, 34 айга берүү керек болчу. 250 миң сомдон 3 миллион сомго чейинки суммада. Канча адам насыя ала алды?” – деди Самыйкожо.

Спикер Нурланбек Шакиев аталган насыялар боюнча маалымат кийинки жумага даярдалаарын билдирди.