Печать
Категория: Коом
Просмотров: 156

“Президент жана бомж”, “Москва сүйүүсү”, “Манастын уулу Семетей” кинолорубузду тартып, чет өлкөлөрдө коюп жүрүп Курманбек Бакиевге жолугуп, Минскиде куруп аткан 680 миллион долларлык заводдордун жайын сурасам, кытайлык мамилелеш миллиардер каржылаганын айтканында “Кыргызстанга курсаңыз жакшы болмок эле” десем, “Мүмкүнчүлүк беришсе, Кыргызстаныбызга инвестиция тартмакпыз” деген.

Ошондо басма сөздөргө маектеримде белгилегем: “Экс- президенттер менен ири чиновниктерге каржылык амнистия жарыялап, каражаттарын Кыргызстанга тартсак. Алар андан тышкары эл аралык абройлуу өнөктөштөрү аркылуу ири каржыларды өлкөбүзгө аып келишсе, экономикабыз дүркүрөп,элибиздин турмушу жакшырышына өбөлгө болмок”.

​Президентибиз Садыр Жапаров чоң акылгөйлүк жана чечкиндүүлүк жасап, мурдагы алты мамлекет башчылардын башын кошту. Акаев, Бакиев, Отунбаева, Атамбаев, Жээнбеков эми эл аралык кадыр-барктарын салып,  чет өлкөлөрдөн ири инвестицияларды тартып, завод-фабрикаларды, ишканаларды курушуп, өлкөбүздүн экономикасынын өнүгүшүнө салым кошушса, кеткен күнөөлөрүн жууп, улуттун уул-кызы катары улуу парздарын аткарышкан болоор эле. Саясий күчтөр алдыда ыркырап-дыркырашпай, ынтымак-ырашкерчиликте жамы журтубуздун оожалышына кам көрүшөт деп ишенели. Биздин баамда ажо Жапаров дал ушул мүдөөнү көздөдү.

Садыр Нургожо уулунун улуу жүрүшү элибизге кут алып келсин!

 

Өмүрзак ТӨЛӨБЕКОВ,
​​​​​кино сценарист жана продюсер