Жакында УКМК тарабынан прокуратуранын мурдагы кызматкери Тайлаков Талгат кармалган. Ал президенттин, УКМК төрагасынын, баш прокурордун атын сатып, мамлекеттик кызматкерлерди коркутуп, акча өндүрүп жүргөн. Мамлекеттик кызматкерлерден 3 миң доллар жана 10 миң доллар коркутуу жолу менен алганы аныкталган. Андан сырткары, 150 миң сом насыя алууга мажбурлаган, кымбат баадагы уюлдук телефон алдырган. Ошондой эле, атасынын Жалал-Абад облустук «Унаа» мамлекеттик ишканасынын аймактык бөлүмүндө бөлүм башчысы болуп иштегенине таянып, айдоочулук күбөлүк алып берем деген калп убада менен жарандарды чоң суммадагы акчага алдаган.
Т.Тайлаковдун мамлекеттик кызматкерди коркутуп жаткандагы аудиосу жарыяланды. Анын чечмелениши мындай:
Т.Тайлаков: Тагдырыңды кесип коём, брат, мен айттымбы б**дь, я любого выйду, биздин артыбызда Президент, Таш акебиз, Генеральный прокурор турат, болду! Мен башкасын тааныбайм. Давай, деньги считай, короче! Телефонун алып калдыңбы, жанында карачы запись, текшер!
Я щас даярдам койдум арызды, отправляю в Ген.Прокуратуру, юрист өзү барат, прямо Ген.прокурору барат, дисктер менен полный! Барганда уже Ген.Прокурор мына арызды көргөндөн кийин, уже брат, 20 жылга кесилесиң, минимум!
Т.Тайлаков: Ошол вариант брат, мне кылабыз первый вариант или второй?
Мамкызматкер: Талгат айт ука, жүрөгүмдү эзбечи ука, өлүп калбайын мен.
Т.Тайлаков: Короче, брат 10 миң доллар поставишь, бир саатта.
Мамкызматкер: Ал нерсени кыла албайм.
Т.Тайлаков: А кыла албайсыңбы!
Мамкызматкер: Бир жума десең болот.
Т.Тайлаков: Все, все, болду сен менен разговор жок, все!
Т.Тайлаков: Бул генералдын заданиясы менен келди бул, унчуга албайт, эки кыла албайт, генерал айтты камагыла деди. Арызданып барса, 20 арыз дагы Ташиевке дагы даяр, генералга. Все! Күйдүң сен! 20 жылга кесилбесең н***й, чоңдордун алдында мн к****н. Сени Б** Альфа жди уже!
Мамкызматкер: Бир күн берчи? Бир күн.
Т.Тайлаков: Жок, жок, бекиткендердин баарын таап чыгабыз, ГКНБ, Прокуратура все замешено. Мен экс-президенттин, мындай мактанбайын, үкөсүн соттотуп койдум, Сокенин! Там, беришкен мына, кечээ АКИпрессте...
Мамкызматкер: Балдарым чоңойо элек...
Т.Тайлаков: Мени карасаң! Элестетип жатасыңбы?
Мамкызматкер: Ошону ойлоп...
Т.Тайлаков: Мен сага мусулманча келип жатамбы?..
Мамкызматкер: Бир күн...
Т.Тайлаков: Жок, жок!
Мамкызматкер: Бир күн жетет!