Түркиядагы жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуда Кыргызстан жардам берүүсүн улантууда. Тийиштүү кызматтардын маалыматтарына караганда төмөнкүдөй иш аракеттер аткарылып жатат:
1. 2023-жылдын 18-февралында жергиликтүү убакыт боюнча cаат 09:00гө карата (Бишкек убактысы боюнча саат 12:00) Түркияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 39 672 адамга жетип, 108 068 адам жарадар болду.
2. Өткөн түнү Элазыг провинциясында күчү 4,6 баллга жеткен жер титирөө болду.
3. AFAD билдиргендей, жабыркаган облустарда жер титирөө уланууда. Имараттарга кирүү кооптуу.
4. Кыргызстанда жер титирөөдөн жабыркагандардын муктаждыктары үчүн акчалай жардам чогултуу уланууда. Кыргызстандын жарандары 44 миллион 701 миң 937,50 сом, ошондой эле 14 миң 400 рубль чогултушту.
5. Кыргызстандын куткаруу топтору менен дарыгерлери Түркиянын жабыркаган аймактарында ишин улантууда. Кахраманмарашта жер титирөөдөн жабыркагандарга тез медициналык жардам көрсөтүү үчүн көчмө оорукана иштеп жатат.
6. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 160 адамдан турган издөө-куткаруу тобу жер титирөөлөрдүн кесепетинен эң көп зыян тарткан Хатай шаарында табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерин жүргүзүүдө.
7. Жалпы координациялоону Кыргызстандын Түркиядагы Элчиси Р.Казакбаев жүргүзүүдө. Түркиянын Президентинин Администрациясы, Тышкы иштер министрлигинин кризистик борбору, Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын (AFAD) борбордук жана жергиликтүү түзүмдөрү, жабыркаган облустардын губернаторлору жана шаарлардын мэрлери менен дайыма байланыш түзүлүүдө.
8. Кахраманмараштагы AFAD лагеринде бирдиктүү убактылуу штаб ачылды, анда Элчиликтин, Анталиядагы Башкы консулдуктун жана Стамбулдагы Башкы консулдуктун өкүлдөрү кезектешип 10 күн нөөмөттө болушат. Штабдын телефон номери: + 90 546 5570471.
9. Газиантеп, Кахраманмараш, Хатай, Малатия, Османие, Адана жана башка жабыркаган шаарлардагы Кыргызстандын жарандары менен үзгүлтүксүз байланыш бар. Учурда коопту аймактарда өлкөнүн башка коопсуз аймактарына кетүүнү каалабаган мекендештер бар.
10. Түркия Республикасынын ар кайсы шаарларынан келген Кыргыз Республикасынын жарандары жана студенттери, Түркияда жашаган этникалык кыргыздар Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруу топторуна, ошондой эле кырсык болгон аймактарда жашаган мекендештерге олуттуу жардам көрсөтүүдө.
11. Кыргызстандын Түркиядагы чет өлкөлүк мекемелеринде түзүлгөн күнү-түнү иштеген ыкчам штаб өз ишин улантууда.
12. Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилиги жана Башкы консулдуктары жабыркаган аймактардагы Кыргызстандын жарандарына жардам көрсөтүү, ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучуларына жана дарыгерлерге көмөк көрсөтүү боюнча ишин күнү-түнү ыкчам түрдө улантууда.