Эмгек ардагери Каримова Турсунай президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоду. Ал сот Кымбат Архарованын мыйзамсыз жоруктарына арызданып, мамлекет башчысынан адилеттүүлүк орнотуусун суранган:
"2008-жылы менин “Одиссей” автоунаамды Биринчи май райондук сотунун судьясы Кымбат Архарованын күйөөсү Султан 6600 долларга баалап, акчаны бир нече күндө берүүнү убадалап, мага Орок тараптагы жер участогунун кызыл китебин күрөөгө карматкан.
Кийинчерээк “Акча жакында болот, участоктун документин берип туруңуз, алдабайм, аялым сот”, - дегенинен ишенип кызыл китепти кайра бергем. Ошол бойдон акча жок, Султан да жок, аялына барсам, ал да бербейт.
Ошентип арадан жылдар өтүп 2012-жылы президент Атамбаевге кайрылсам Жогорку сот төрайымы Жамашева киришип, сот Архарова райсот төрагасы Мидин мырзанын кабинетинде “2 миң доллар берем, ушуну менен “эми кайыр-доом жок” деп жаз”, - деп көшөрүп, айла жок 2 миң долларды алыш үчүн ошентип жазып берүүгө аргасыз болгом.
Жашым 72де. 5 уул-кызым бар, бир кызым инвалид. Сиз, Садыр Нургожоевич, түрмөдө жатканыңызда таламыңызды талашып, жубайыңыз Айгүлдөн баракчаларды алып таратып жүргөнмүн. “Садыр Жапаровду колдоо” кыймылынын төрагасы Орозбек Алымжанов былтыр “Элдик көзөмөл - Акыйкат үчүн” коомдук бирикмесин түзгөнүнөн арманымды айтып арыздангам. Ал киши менин калган 4600 доллар акчамды тактоого кайрылса, азыр Ленин райсотунун төрайымы Архарова 3-октябрда “мени коркутуп акча талап кылып атат” деп УКМКнын кызматкерлерин чакырып, 200 миң сом берип, күнөөсүз кишини карматты. 76 жаштагы көрүнүктүү коомдук ишмер Алымжанов мындай катуу соккудан кан басымы көтөрүлүп, инфаркт алып, көрүүсү начарлап, жарым жылдан бери кылмыш иши кыскарбай, азап тартты.
Архарова буга чейин далай чыр окуяларга, мыйзамсыз өкүмдөргө айыпталган чуулуу сот. Мурдагы бийликтин адилетсиз чечимдерин аткарып, элге жек көрүнгөн. Сиз кыйынчылык кезде чындык үчүн күрөшкөн биз минтип эски бийлик эзүүчүлөрүнөн дагы эле кордук көрүп жатканыбызга өкүнөбүз. Бул мыйзамсыздык тууралуу сизге, УКМК төрагасы Ташиевге, башкы прокурор Зулушевге, депутаттарга кайрылгам. Эч жыйынтык чыкпай иш созулуп келатат. Эсирген сот Архарова акчамды кайтарып, алдамчылыгы жана күнөөсүз Алымжановду каралап, "подстава" жасаганы үчүн мыйзам чегинде жазага тартылуусун талап кылабыз!
Өкмөт үй алдына пикетке чыгуудан да жыйынтык чыкпаса, эл аралык сотторго жана адам укугун коргоочу уюмдарга кайрылууга аргасыз болобуз. Кыргызстаныбыздын имиджине доо кетирүүчү кадамдарга баргыспай адилет чечим чыгараарыңызга ишенем.
Турсунай КАРИМОВА, эмгек ардагери.
15-февраль, 2023".