-Түркиядагы зилзала үй курган компанияларгаталапты күчөтүү зарылдыгын эске салды. Эми Кыргызстандагы компанияларга кырсыктын алдын алуу максатында жоопкерчилик күчөтүү керекпи?
- Бул зилзала өзгөчө катуу болду. Түркиянын 10 шаары урап, зилзаладан жапа чеккендер көп болду. Азыр да издөө иштери жүрүп жатат. Миңдеген адамдар ашык үй жайы жок калды. Түркиянын башка шаарындагы бардык мейманканаларына, жатканаларына киргизип жатышат. Ошон үчүн үйлөрдүн сапатына катуу көңүл бурулуп жатат. Учурда 130дан ашык үй куруучулар камакка алынды. Дагы канчасы камалат турмуш көргөзөт.
Себеби, сапатка кайдыгер мамиле кылышкан үчүн ушундай абал жаралды. Негизи Түркия Измирдеги жер титирөөдөн кийин бир топ чара көргөн. Ошого карабай ушундай акыбалга кептелишкендери өкүндүрөт.
Бизде депутаттар да бул маселени көтөрүп жатышат. Талапты жалаң эле түрк компанияларга эмес, бүт бардык үй курган компанияларга күчөтүш керек. Совет доорунда 9 баллдык жер титирөөгө чыдай тургандай кылып салышчу. Үй куруудагы талаптын баарын аткарып, эреженин баарын сакташчу. Азыр болсо, үй куруу чоң бизнесе айланды. Ошон үчүн сапаты жогору болуш керек деген талап күчтүү болушу керек. Антпесек, Түркиядагы акыбал биздин да башыбызга келип калышы мүмкүн. Ошон үчүн курулуп жаткан үйлөрдү көз карандысыз эксперттерди чакырып, текшертүү керек.