Печать
Категория: Коом
Просмотров: 115

Алдамчылык кылган жаран кармалды, ал мурда прокуратурада иштеген. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. 

Маалыматка караганда, 16-февралда КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан системалык түрдө мамлекеттик кызматкерлерден пара талап кылуу жана алдамчылык фактысы боюнча прокуратура органдарынын мурдагы кызматкери  Т.Т.Т. кармалган.

Ал мурдагы караөзгөй максатын ишке ашыруу үчүн мурдагы кызматынын атын жамынып, алдамчылык иштерин жүргүзүп келген. Президент, УКМК төрагасынын жана башпрокурор менен жакын байланышы бардыгын калп айтып, мыйзамсыз текшерүү иштерип жасаган жана майда мыйзам бузууларды таап, мамлекеттик кызматкерлерди коркутуп акчалай пара талап кылган. 

 Маалым болгондой,  Жалал-Абад областынын мамлекеттик органдарынын кызмат адамдарынан 3 миң жана 10 миң доллар алгандыгы такталган. 

Ошондой эле, ал айрым жарандарды 150 миң сом насыя алууга маюдур кылган жана кымбат баадагы уюлдук телефонду алдырган. Андан тышкары ал айдоочулук күбөлүк алып берем деп убада берип, бир катар жарандардан чоң суммадагы акча алган. Буга себеп - анын атасы Т.Т.М. учурда Жалал-Абад областында ГП «УНАА» КР ИИМнин аймактык бөлүмүнүн башчысы болуп иштейт. 

Учурда анын ушул сыяктуу дагы башка кылмыштарга катыштыгын аныктоо боюнча тиешелүү иш чаралар жүргүзүлүүдө. 

"Кармалган Т.Т.Т. аттуу жарандын кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан адамдарды, өлкө башчысынын, УКМК төрагасынын жана башкы прокурордун атын сатып, коркуткан жарандарга кабылгандарды УКМКнын дарегине кайрылууңуздарды суранабыз", - деп айтылат маалыматта.