Печать
Категория: Коом
Просмотров: 240

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Акылбек Түмөнбаев эки күндүк айлык маяналарын Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга которууну сунуштады. 

"Учурда бүткүл дүйнө Түркияга жардам берип жатат. Биздин мамлекет дагы четте калбай, түрк жергесине куткаруучуларды жөнөттү. Биз дагы эки күндүк маянабызды табият кырсыгынан жабыркагандарга которолу", - деди ал.

Башка депутаттар анын сунушун толугу менен колдоого алышты.