Токмок шаарынын аймагынан мыйзамсыз майнинг-ферма аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Атайын кызмат өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө. Анын алкагында, республиканын мамлекеттик энергетикалык ишканаларынын электр тармактарына мыйзамсыз майнинг-фермага кошулуу фактылары аныкталган.
"Автотранспорт айдоочулар союзунун Токмок шаардык Совети» коомдук бирикмесинин гараждык кооперативинде, Чүй облусунун Токмок шаарындагы Шамшинская көчөсүндө жайгашкан майнинг-ферманын мыйзамсыз түрдө криптовалютаны ишин жүргүзгөндүгү аныкталды.
Комиссиялык текшерүүнүн жүрүшүндө, Токмок шаардык салык кызматынын, Райондук электро станциясынын кызматкерлеринин жана КР жараны 1988-ж.т. Д.Т.А. катышуусунда гараждардын ичинде жайгашкан жер төлөөлөрдөн «S9» жана «L3» маркасындагы 24 даана криптовалюта жабдуулары табылып алынды. Ошол эле учурда бул жабдуулар электр эсептегичтерин айланып өтүп, Токмок электр бөлүштүрүүчү зонанын тармагына түз кошулган.
Анысы менен алдын ала алынган маалыматтар боюнча мамлекетке1 миллион сомго жакын зыян келтирилген.
Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.