Бишкекте мыйзамсыз курулуштарды демонтаждоо иштери уланып жатканын мэрия билдирди.
Маалыматка караганда, мэриянын жерди пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын кызматкерлери Аламүдүн-1 кичирайону, 5/1 дарегиндеги чатырларды жана бетон блокторду демонтаждоо иштерин жүргүзүүдө.
Анын негизинде, 0,26 га муниципалдык жер бошотулуп, кийин бул аймакта акысыз негизде унаа токтотуучу жайларды куруу пландаштырылууда.