Печать
Категория: Коом
Просмотров: 115

8-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр экинчи окууда каралды.  

Аталган мыйзам долбоору боюнча Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Винера Раимбачаева маалымат берди.

Белгилүү болгондой, мыйзам долбоору мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруунун катышуучулары үчүн адилеттүү шарттарды түзүү, пенсия чектөөнүн камсыздандыруу принциптерин күчөтүү жана пенсия чектөө жол-жоболоруна таасир эткен ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү, эскирген ченемдерди алып салуу, ошондой эле 1996-жылга чейинки мезгил үчүн пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн чектөө системасын жөнөкөйлөтүү аркылуу пенсия чектөөдө калкка кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу максатын көздөйт.

Талкуу маалында депутат Гуля Кожокулова мыйзам долбоорунда жарандардын кызыкчылыгы эске алынбагандыгын белгилеп, четке кагуу сунушун берди.

Ал эми депутат Адахан Мадумаров баш мыйзамдын 44-беренесинде пенсия белгиленген жашоо минимумунун өлчөмүнөн төмөн эмес болушу керектигин айтып, долбоорду колдоодон баш тартууга чакырды.

Өз кезегинде Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева сунушталган мыйзам долбоору пенсиянын көлөмүн жашоо минимумунун өлчөмүнөн жогорулатууга багытталганын айтып, кабыл алынса 50 миң пенсионердин пенсиясы жогорулай турганын маалымдады. “Бүгүнкү күндө пенсионерлердин 57-58%ы жашоо минимумунан жогору пенсия алат”, – деди Социалдык фонддун өкүлү.

Ошондой эле депутат Камила Талиева азык-түлүктүн наркы күн сайын өсүп жатканын айтып, пенсиянын көлөмүн жыл сайын көтөрүп туруу зарылчылыгына токтолду.

Андан тышкары, депутат Русланбек Жакышов өмүр бою бир тармакта иштеп, ар кандай сыйлык-наамдарды алган жарандардын пенсиясы кандай болоруна жана персоналдык пенсионерлердин санына кызыкты.

2015-жылдан баштап, андай артыкчылыктар каралбай калганын айткан Гүлнура Жуматаева 1700дүн тегерегинде персоналдык пенсионер бар экенин маалымдады.

Андан тышкары, депутат Дастанбек Жумабеков тоолуу аймактардагы жарандар үчүн жеңилдиктер ошол бойдон калышы керектигин айтса, айрым депутаттар да мыйзамдагы өзгөрүүлөргө каршылыгын билдирди.  

Жыйынтыгында айтылган сунуштардын негизинде мыйзам долбоорун комитеттин кароосуна кайтаруу чечими кабыл алынды.