Печать
Категория: Коом
Просмотров: 129

14 миң 500 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын талап кылгандыгы аныкталып К.Досоновдун «Дженго» уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү Э.А.А. жана Ж.С.Т. 14 миң 500 доллар талап кылууга шектелип кармалышты. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматта айтылгандай, кармалгандар Ош облусунун тургунун "күч көрсөтүп, зомбулук кылабыз" деп коркутуп, 14 500 доллар төлөп берүүгө милдеттендиргени такталган. Бул факты боюнча КР УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон. 

Азыркы учурда кармалгандарга, Ош шаардык сотунун чечими менен КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыктын тергөө камак жайына камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалган. 
"КР УКМК өз компетенциясынын чегинде уюшкан кылмыштуу топторго жана шериктештерине каршы аракеттенүүнү улантууда.

Ошондой эле, КР УКМК, жарандарды уюшкан кылмыштуу топтор тарабынан мыйзам бузуулар болсо бардык фактылары боюнча кайрылууга жана билдирүүгө чакырат.

Тергөө иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.