Печать
Категория: Коом
Просмотров: 143

Милицияга Нурлан Мотуевдин үстүнөн арыз түшкөнүн маалымат каражаттары өздүк булактарына таянуу менен жазып чыгышты. Анда айтылгандай, арыздын ээси, 23 жаштагы кыз Нурлан Мотуев зордуктаганын билдирген. 

Арыз 3-февралда укук коргоо органына жазылган. Арыз ээсинин айтымында, алты ай мурда Нурлан Мотуев аны Москва көчөсүндөгү батирине алып барып, үйлөнөөрүн айтып, зордуктаган. Ага чейин Мотуев менен социалдык тармактан таанышып, ошондо биринчи жолу жүз көрүшкөн. 

Арыз жазган кыз турмушунан ажырашып, эки балалуу экени айтылууда. 

 Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.