Печать
Категория: Коом
Просмотров: 139

Баткен облустук сотунун катчысы Х.у.Ш. пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. 

Маалыматка караганда, КР УКМК тарабынан коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында аталган иш кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пункту (Пара алуу) боюнча шектелген катчы 300 миң сом ири өлчөмдөгү акча каражатын кайтарып берип жаткан жеринен колго түшкөн. 

Ал бул акча каражатын соттордон оң чечим чыгартып берүүнү убадалап алган. 

Азыркы учурда тиешелүү иликтөө иштери жүрүп жатат.