Печать
Категория: Коом
Просмотров: 135

Ак-Муз айылынын жергиликтүү жашоочусу Ч.М.К.  Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган “Хизбут-Тахрир” Диний экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгүнө катыштыгы бар экендиги аныкталган. Ал жогоруда аталган кыймылдын идеяларын активдүү пропагандалап жүргөн. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

Маалыматка караганда, аныктоо диний экстремизмге каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө болгон.

23-январда көрүлгөн ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында КР УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгы, Ат-Башы РИИБ менен биргеликте Ч.М.К. карата түшүндүрүү жана алдын алуу чаралары көрүлүп, анда ал өзүнүн көз карашынын туура эместигин ачык моюнга алып, аталган экстремисттик кыймылдын ишмердүүлүгүнө мындан ары катышуудан баш тартканын билдирди.

Кыргыз Республикасынын УКМК экстремисттик көз караштарга жана “Хизбут-Тахрир” ДЭУнун мүчөлүгүнөн ишенип кирип кеткен адамдарды алдын алууга багытталган иш-чараларды улантууда.