Печать
Категория: Коом
Просмотров: 58

2021-2022-окуу жылында Кыргызстандын жогорку окуу жайларында Өзбекстандын 37 миңден ашуун жараны билим алган. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Алардын ичинен студенттердин эң көп саны - 12 миң 280 студент Ош мамлекеттик университетине сунушталган. Ал эми М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинде - 10 миң 136 студент, Кыргыз-Өзбек университетинде - 6 миң 229 студент, Баткен мамлекеттик университетинде - 3 миң 326 студент ж.б.

Кыргызстандын президентинин 2003-жылдын 25-мартындагы №102 “Чет өлкөлөрдө жашаган мекендештерге билим берүү жана улуттук маданият маселелеринде колдоо көрсөтүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгынын алкагында Өзбекстандын аймагында жашаган этностук кыргыздар үчүн жыл сайын Кыргызстандын жогорку окуу жайларынан бюджеттик орундар бөлүнөт.

Алсак, 2022-2023-окуу жылына карата кирүү сынактарынын жыйынтыгы боюнча Өзбекстандын жараны болгон 25 этникалык кыргыз Кыргыз Республикасынын ЖОЖдоруна кабыл алуу үчүн сунушталган.