Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев кечээ, 26-январда Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди. Бүгүн, 27-январда тар жана кеңири курамда эки тарапты кызыктырган маселелердин кенен топтомун жана эки тараптуу кызматташууну мындан ары тереңдетүүнүн келечегин талкуулашат.

Өзбекстан Кыргызстандын коңшусу. "Алыс туугандан жакын коңшу артык" дегендей, Өзбекстан менен кызматташтык, достук мамиледе болуу өлкөбүз үчүн маанилүү. Көп жылдардан бери эки өлкөнүн ортосундагы чыңалган мамиле акыркы жылдары гана ордуна келди. Бул учурдагы президент Садыр Жапаровдун аракети менен ишке ашты. 

Өзбек президентинин Кыргызстанга сапары кандай жыйынтыктарга жеткирет? Кандай маселелер талкууланып, алардын кандай чечүү жолдору кабыл алынат? 

Кечээ так ушул мамлекеттик сапардын алкагында Кыргызстан менен Өзбекстандын ишкер кеңешинин жыйыны болуп өттү. Анда эки өлкөнүн бизнес чөйрөсүнүн кызматташтыгын күчөтүү максатында бир катар чечимдер кабыл алынып, жети меморандумга кол коюлду.

Кыргызстандын Соода-өндүрүш палатасынын президенти Темир Сариевдин айтымында, эки өлкөнүн кызматташтыгы жаңы этапка чыкты. Биринчи кадам - бизнестин алга жылуусуна эки тараптык колдоо болуп эсептелинет. Бизнес үчүн эки өлкө ортосуна жашыл коридор ачылат. 

Өзбекстандын Соода-өндүрүш палатасынын төрагасынын орун басары Жамшед Ураков кыргыз-өзбек бизнес макулдашууларына ыраазы экенин билдирип, жаңы деңгээлге чыкканына кубанганын жашырган жок. 

Ошондо, эки өлкөнүн ишкерлери кайсы жааттарда кызматташа алат? 

Биринчиден, эки өлкөнүн сүт азыктары ассоциациясынын өкүлдөрү кызматташууга даяр экенин билдиришти. Өткөн жылы Өзбекстанга бизден 1,7 миллион сомдук сүт азыктары экспорттолгон. Бирок бул көрсөткүч башка өлкөлөргө болгон экспортко салыштырмалуу 12 эсе аз. Бизнесмендер сүт азыктары тез бузулуучу азык болуп эсептелгендиктен, жашыл коридор абдан зарыл экенин белгилешти. Ал эми Өзбекстандан келген өкүлдөр өздөрүнүн мекенинде эт жана сүт өтө таңкыс экенин айтышты. Ошондуктан, бул азыктарды Кыргызстандан алууну каалашат. 

Андан сырткары, Кыргызстандын Зергерлер жана ишкерлер союзу менен Өзбекстандын "Өзбекзаргарсаноати" ассоциациясы кызматташат. Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын “Ош аймактык бөлүмү” мекемеси менен Өзбекстан Республикасынын Анжиян аймактык соода-өнөр жай палатасынын ортосундагы байланыш жөнгө салышат. JIA бизнес-ассоциациясы менен Өзбекстандын экспортчулар ассоциациясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүүчүлүк жаралат. «Bazalt wool» жана «Фаст Групп» ЖЧКсынын ортосундагы 20 миллион долларлык кызматташуу ишке ашырылат. 

Булардан башка дагы эки өлкөнүн ишкерчилигинин өнүгүшүнө өбөлгө түзө турган бир катар макулдашуулар кабыл алынды. 

Бул макулдашуулар ишке ашып кетсе, Кыргызстан-Өзбекстан биргеликте, эриш-аркак мамиледе бизнести өнүктүрүшөт. Бизнес өнүксө мамлекеттин бакыбаттуулугунун кепилдиги бекемделет эмеспи.