Печать
Категория: Коом
Просмотров: 44

Баткен облусунун борбору Баткен шаарында атайын түзүлгөн комиссия мигранттардын балдарынын жалпы санын тактоо процесси башталды. Бул тууралуу Баткен райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын алдындагы үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, өткөн жылда Баткен районунун аймагында мигранттардын 22 миң 151, эми Баткен шаарында  3447 балдары жашап жатканы белгилүү болгон.

Баткен облусунда 29 миң 141 жаран тышкы миграцияда, 18 миң 316 адам ички миграцияда экени такталган.