Бөдөнөнүн жумурткасы эмнеси менен адам организмине пайда жана кандай дарттарды алдын алууга же жеңүүгө көмөкчү болушат?

Орто курактан өтүп калгандар эки ай катары менен жесе, сөөктөрүнүн ооруганы басылып, көрүүсү жана угуусу жакшырат. Боордун иштешин жакшыртып, боордун астындагы бездин иштешин күчөтөт.

Кош бойлууларга да бөдөнөнүн жумурткасы сунушталат. Ал убагынан эрте төрөттүн алдын алат, талгакты жеңилдетет, кош бойлуу өзүн жеңил алып жүрүү менен бирге тиштери бузулбайт.

Панкреатит, он эки эли ичеги, гастрит жана ашказандын жарасынан жабыркагандар, кант диабети, кургак учук, аз кандуулук, астма жана кан басымы барлар 120 - 250 даана жумуртка ичүү менен ден соолуктарын жакшырта алышат. Албетте, бул бир ичкенде ушунча даана ичүү керек дегендик эмес. Бул – бир курс. Күнгө бөлүп алуу керек. (Эсиңизде болсун: ар кандай дарылануунун алдында дарыгериңиз менен кеңешиңиз).

Мындан тышкары тамак рационунда бөдөнөнүн жумурткасын үзгүлтүксүз колдонуп жүргөндөр мастопатия, сүт безинин залалдуу жана залалдуу эмес шишигинен сактанган болот. Себеби, иммунитетти көтөрүү жагынан бөдөнөнүн жумурткасы алдыңкы орунда турат. Ал эми иммунитет жоголуп кеткен маалда рак шишиги өсүп, күч ала баштайт.

Бөдөнөнүн жумурткасы эркектин бел кубатын көтөргөндүктөн япондор “бөдөнөнүн жумурткасынан күнүгө 2-3 даана жеш керек” деген эрежени негизги мыйзам катары кабыл алышкан. Аны ар бир япон, өзгөчө эркектер аткарышы керек. Бөдөнөнүн жумурткасы эркектердин күч кубатын жогорулатуу менен бирге простатит, аденома сыяктуу дарттарды дарылайт.

Бет, эриндер кубарып, кургап, терилер сыйрылып жана чач көп түшө баштаганда бөдөнөнүн жумурткасынан маска жасоо керек. Бул жүздү жакшыртып, теринин абалын оңдойт. Ошол эле маалда картаюу процессин жайлатат.

Бөйрөк, боордогу таштарды эритип, сыртка чыгарат. Тукумсуздук, экзема, талма, жарык начар болгон кезде көзү көрбөй калуучу ооруну, безетки жана теринин ириңдүү ооруларын дарылайт.

Дарылоо рецепттерин сунуштайбыз:  

Дене табы көтөрүлгөндө: 100 миллиграмм аракка 5 чийки жумуртканы жана 5 аш кашык шекерден кошуп аралаштырып ичүү керек.

Диатезде: 1 даана лимондун данектерин тазалап, ага талкандай майдаланган бөдөнөнүн жумурткасынын кабыгын кошуп, бирдей массага келгенче аралаштырасыз. Бир күндө 3-4 жолу 1 чай кашыктан бир ай кабыл алыңыз.

Чач түшкөндө: 5-6 жумурткага 2 аш кашык зайтун майын жана 2 аш кашык балды кошуп жакшылап аралаштырасыз. Даяр болгон массаны чачыңыздын түптөрүнө шыбап, жарым саатка чейин кармайсыз да, жылуу суу менен жууп саласыз. Бул процедурадан кийин чачыңыз жылтылдап, жумшарып мурунку калыбына келе түшөт. Ошондой эле 2 литр сууга 5-6 жумуртканын кабыгын салып 5 мүнөт кайнатып алыңыз. Эми ал суу менен чачыңызды чайкап, жүзүңүздү жуусаңыз болот.