Печать
Категория: Коом
Просмотров: 117

Нарын облусунун Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагын Ормон хан айыл аймагы, Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл аймагынын Борбаш айылын Кайрагач айылы, Талас облусунун Кара-Буура районунун Чолпонбай айыл аймагынын Чимгент айылын Чолпонбай айыл аймагынын Чолпонбай айылы жана Талас облусунун Кара-Буура районун Айтматов району деп кайра атоо сунушталууда. Бул боюнча Жогорку Кеңеште  “Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагын, Ош жана Талас облустарынын айрым айылдарын жана Талас облусунун Кара-Буура районун кайра атоо жөнүндөгү” мыйзам долбоору экинчи окууда каралып жатканда белгилүү болду. 

Талкуу маалында депутат Эльвира Сурабалдиева айылдарга коюлуп аталыштар кантип тандалганын тактаса, депутат Камила Талиева демилгени колдоорун билдирип: “Анын ичинен Кара-Буура районуна Айтматов ысымынын берилиши көпчүлүк күткөн, жакшы жаңылык”, – деди.

Ал эми депутат Бактыбек Чойбеков Түп районунда жүргүзүлүп жаткан аймактык-административдик реформалар тууралуу сөз кылып: “Эгер реформа башка райондорго жайылтыла турган болсо, аталыштары өзгөрүп жаткан айылдар эмне болот? Кошумча чыгаша болуп калбайбызбы?” – деген суроолорун узатты.

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Элчибек Джантаев бардыгы азыртан каралып, такталып жатканын билдирди.

Ошондой эле депутат Кундузбек Сулайманов жер-суу аталыштарын өзгөртүүгө канча каражат кетип жатканын сурады.

Өз кезегинде Элчибек Джантаев аталган мыйзам менен ири көлөмдөгү каражат кетип жатканын айтып, мисал катары райондун кире беришиндеги, ортосундагы жана аягындагы жазууларды жаңылоого 6 жарым млн сом кетерин кошумчалады.

Депутат Адахан Мадумаров жер-суу аталыштарын өзгөртүүдө колунда бар адамдардын киши тааныбаган аттары коюлуп жатканын айтып, адам ысымдарын ыйгарууга чектөө коюу керектигин билдирди.

Андан тышкары, жыйында “Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Ысык-Көл облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Тагыраагы, мыйзам долбоору аркылуу Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагынын Жетиген, Кыргыз-Кыштак айыл аймагынын Ак-Тилек, Умай-Эне, Жалал-Абад шаарынын Кызыл-Суу 2, Ноокен районунун Сакалды айыл аймагынын Сай-Бою, Токтогул районунун Кетмен-Дөбө айыл аймагынын Жаңы-Арык жана Кырк-Казык, Чаткал районунун Сумсар айыл аймагынын Биримдик, Алай районунун Жошолу айыл аймагынын Кара-Токту, Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айыл аймагынын Достук, Сары-Колот айыл аймагынын Бөрүлүк, Ноокат районун Төөлөс айыл аймагынын Кара-Кечит, Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагынын Алча-Башат жана Боз-Ала, Тоң районунун Тоң айыл аймагынын Ак-Булуң калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү сунушталган.

Жыйынтыгында мыйзам долбоорлоруна добуш берилип, кабыл алынды.