Бишкек шаарынын мэриясы жарандардан мамыларга жарнак чаптабоону өтүнөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. 

Бишкек троллейбус башкармалыгынын кызматкерлери тирөөч мамыларды кайрадан тазалап жатышат. Жай мезгилинде эле аталган башкармалыктын кызматкерлери шаардагы бардык тирөөч мамыларды жарнактардан тазалап, сырдап, иретке келтиришкен. Бирок убакыттын өтүшү менен мамыларга кайрадан ар кандай кулактандыруулар чапталып, алардын көрүнүшүн бузган.

Сураныч, жарнамалык брошюраларды жана жарнактарды тирөөч мамыларга илбеңиздер", - дейт Бишкек мэриясы.