Печать
Категория: Коом
Просмотров: 324

- Төрөхан, жыл жыйынтыктоо алдында турабыз. 2022-жылдагы кайсы окуя сизди сүйүнттү жана кубантты? Быйыл элдин турмушу жакшы жагына өзгөрдүбү? 

- Быйылкы жыл жакшы жыл болду, эң эле түшүмдүүсү Өзбекстан менен чек ара 100 пайыз чечилип, Кыргызстан көп аянтты өз пайдасына алды. Эми Тажикстан менен чек араны чечип алсак, эң жакшы жыл болуп калат.

- Бийликтин бул жылдагы иш-аракетине кандай баа бересиз? 

- Бюджеттин 400 млрдга көтөрүү менен айлык пенсиялардын көбөйүшү бийликке оң натыйжа берип жатат.

- Эмнеге жаңы жыл алдында Атамбаевдин уулун сотко бердиңиз?

- Атамбаевдин уулу Кадырбек мени жамандап, каралап, ушактын деңгээлиндеги сөздөрдү айтты. Койгон дооматтарын такташып алалы десем,  кайра сүйлөшүүдөн качып жатышат. Ошон үчүн бул маселени сот аркылуу чекит коёюн деп чечтим. Өздөрү сүйлөшүүдөн качпаганда сотко бермек деле эмесмин. Сейит да, Кадыр да жолугушуудан качышты. Болбосо ал маселени сүйлөшүү жолу менен чечип койсок болмок.  

- Эмнеге Кадыр Атамбаев атайын билдирүү менен чыгып жатат. Анын максаты эмне?

- Негизинен Кадыр Атамбаевди шыкактаган көшөгөнүн артында адамдар бар. Алардын максаты мени түрдүү жолдор менен каралап,  мени кетирип, схеманы  сактап калууну  максат кылышууда. Кыскасы, аларга менин ордум керек. Алар өз адамдарын коюп,  схемаларды улантууну каалашууда. 

- Көр саткан мафияны жеңе аласызбы?

- Көр саткан мафияны жеңем же жеңилем деп кесе айта албайм... Аны убакыт көрсөтөт.  Аллах жана  элибиз колдосо көр сатып байыган мафияны толугу менен ордуна коёбуз. Кудай буйруса...