- Жыл жыйынтыктоо алдында турабыз. 2022-жылдагы кайсы окуя сизди сүйүнттү жана кубантты? Быйыл элдин турмушу жакшы жагына өзгөрдүбү? Жалпы-жонунан бийликтин бул жылдагы иш-аракетине кандай баа бересиз?
- 2022-жылдын сыноосу абдан күч болду. Чек-араны коргойм деп кырчындай жаштар шейит кетти. Бейишин берсин! Бирок мени кубандырган окуя чек ара чыр-чатагын эл-аралык согушка жеткирбей, Президентибиз Садыр Нуркожоевич менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Кыдыршаевич ары карап ыйлап, бери карап күлүп сабырдуулук, көрөгөчтүк кылып, тынчтык жолу менен чечебиз деген принципте бекем турушту. Натыйжада ок атышуу токтоп, сүйлөшүү өз нугунда жүрүп жатат.
Ал эми элдин турмушу кудайга шүгүр. Себеби айлык-маяна, пенсия-пособие көбөйүп кыйла онолду десем жаңылышпайм. Аракет кылса, берекет дегендей өзүбүз да аракет кылышыбыз зарыл. Жалпысынан алганда бийликтин иш аракеттери жакшы. Саясий өңгүттө алып караганда күчтүү оппозиция жокко эсе. Кээ бир саясатчылар оппозиция болуш үчүн сын-пикир айтып, популисттик көз карашын билдирип кыйкырып чыга калышат. Татыктуу оппозиция болуш үчүн популизм жардам бербейт. Тескерисинче коомдун жана мамлекеттин чечилбеген көйгөйлөрүн чечүү жолдорун сунуштап, ошол сунушун бийлик кабыл албаса, канчалык деңгээлде мамлекетке жана элге пайдалуу сунуш экенин тастыктап берген саясатчылар гана татыктуу оппозиция боло алат. Азыркы бийлик социалдык жактан камсыз кылуу боюнча көптөгөн алгылыктуу иштерди кылууда. Ишкердикти колдоо мамлекеттик кайтарымсыз гранттарды, жеңилдетилген насыяларды берүү, салыктардан бошотуу жана башка көптөгөн жардамдарды берип жатат. Экономикалык багытта өндүрүшкө көбүрөөк көңүл буруп, жеке ишкерлерди текшерүүнү азайтып жана салыктардан жеңилдиктер каралган. Кумтөр мамлекеттик болуп киреше бере баштады. Бюджетибиз нөлгө түшүп калган учурда мамлекеттик казынаны толтуруп, айлык, пенсия, пособие бере албай кала турган опурталдуу учурду башынан өткөргөн бийлике ырахмат айтышыбыз керек! Негедир шүгүр дегенди унутуп, сындаганды жакшы көрөбүз. Укугубузду билебиз, бирок милдетибиз бар экенин унутпашыбыз абзел. Анткени Кыргызстандын ар бир жараны өлкөбүздүн өсүп-өнүгүшүнө жана тынчтыгын сактоого салым кошууга милдеттүүбүз! Бир нерсе болсо эле, митинг деп көчөгө чыккандан пайда жок! Эл революция жана митингден тажап бүттү деп ойлойм.
- 2023 – коён жылы кандай жыл болот деп ойлойсуз? Сиздин божомол?
-Келе жаткан жаңы жылыбыз коён жылы менимче жакшы жылдардан болот. Жаратылыш каарын салып, кырсык болушу ыктымал. Себеби адамдардын пейили бузулганда аалам бузулат деп айтылат. Бирок коён жылында чечилбеген маселелер чечилет. Кыргыз атанын руху колдоп, руханий дөөлөттөрүн туу туткан кыргыз эли дүйнөлөшүү доорунун алгачкы кадамдарын ийгиликтүү кадамдайт. Аруулануу, ылгоо, тазалоо жүрөт. Жан дүйнөсү жардылар психологиялык жактан жабыркап, коомчулукту деградацияга жетелейт. Жетилген гендер Кыргызстанды улуу жолго салып, нукура нук-багытын жарыялап саясий кризистен чыгарат!
2023-жыл жаңыланууга жана аруулануу жылы болот. Кыргызстаныбыз рух дөөлөтүн бийик туткан касиеттүү кыргыз болуп ааламга жол салат. Келе жаткан жаңы жылыңыздар менен куттуктайм! 2023-жылы жакшылык, тынчтык болсун! Кудай кут кылсын!