Печать
Категория: Коом
Просмотров: 328

Бизде ашкере байлар, акчалуулар көп. Бирок алардын кээ бирлери гана  туруктуу түрдө кайрымдуулук иштерин  жүргүзүп, тапканын эл менен бөлүшүп келет. Алардын бири – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев. Бизнеске аралашып, капчыгы калыңдагандан тартып элге жардамдарды берип, айылдардагы көйгөйлөрдү чечип, элдин оорун колдон, жеңилин жерден алып келет. Жардам берүүнү ал жашоодогу принциби, вазийпасы катары көрөрүн маектеринин биринде айтканы бар. 

Кыргызда «аганы көрүп ини өсөт, эжени көрүп сиңди өсөт» демекчи, бүгүнкү күндө Камчыбек мырзанын иниси, ЖК депутаты Шаирбек Ташиев да ага жолун жолдоп келатат. Бизнестен тапкандарын эл менен бөлүшүп, ар кандай кайрымдуулук иштерин жүргүзүп, жардамга муктаждарга жардам колун сунуп, айтор бул жагынан Шаирбек Ташиев элдин, шайлоочулардын алкышына, ыраазычылыгына ээ болуп атат. Анын кайрымдуулук иштерин, көрсөткөн жардамдарын айта берсе, сөз узак болуп кетет. Аз күн мурда анын калктын самалаттыгына кам көргөн демилгеси көпчүлүктү кубантты. Өз каражатынын эсебинен оорулууларга шыпаа берчү, ден-соолук менен күрөшкөндөрдүн түйшүктөрүн жеңилдетчү долбоорду ишке ашырууну колго алыптыр. Шаирбек мырзанын карапайым элдин камын көргөн бул демилгеси ишке ашса, миңдеген адамдардын алкыштарына татыганы туру. 
«Эл менен сен бийиксиң, элден чыксаң кийиксиң» демекчи, Шаирбек Ташиевдин да агасындай элге жакын, элдик инсан, элдик депутат экендиги кубандырат. Элдин элегинен өтүп келгенин унутпаган ал бүгүн да эл арасында. Шайлоочулардын көйгөйлөрүн угуп, көрүп, билип, колунан келишинче жардамын берүүнүн, көйгөйлөрдү чечүүнүн камында жүргөнү жүргөн. Ней дейбиз, агасынан үлгү алып, ага жолун жолдоп бараткан Шаирбек мырзанын  саясаттагы жолуна бийиктикти каалап, кайрымдуулук, соопчулук иштерине ыраазычылык айткыбыз келди.