Печать
Категория: Коом
Просмотров: 1621

Эсиңерде болсо керек, Жогорку Кеңештин жыйынында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев депутат Өмүрбек Бакировго кайрылып, “сенин кантип шайланганыңды, ким экениңди мен эле эмес, элдин баары билет” деп айтканы бар. УКМК төрагасынын ал сөзүнө Өмүрбек Бакиров катуу теригип, чычалаган. Бүгүн Камчыбек Ташиевдин ошондогу сөзүнө дагы бир жолу ынанып, Өмүрбек Бакировдун ким экенин, тагыраагы, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү экенине биротоло ынанып олтурабыз.

Дегенибиз, Өмүрбек Бакировдун “мыйзамдагы ууру”  Камчы Көлбаев менен жолугушканын УКМК расмий түрдө маалымдады. Бирок «ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат» демекчи, буга чейин уюшкан кылмыштуу топко эч кандай тийешеси жоктугун танып келген Өмүрбек мырза бул ирет да танып, “мыйзамдагы ууру” менен жолугушпаганын айтып болушунча  актанды. Бирок УКМК видео тасма аркылуу жолукканын далилдеп койду эле, аргасыз жолукканын мойнуна алды. 

Биз буга чейин  Өмүрбек Бакировдун каракчылык, талоончулук кылмыштарына катышып,  соттолуп, абакка олтуруп чыкканын жазганбыз. “Бөрү баласы ит болбойт” деп кыргызда айтылгандай, Жогорку Кеңештин депутаты болсо да, бирок УКТ мүчөсү бойдон калганына күбө болуудабыз. Анан ушундай адамдын ЖК трибунасынан мыйзамдуулук, акыйкаттуулук жөнүндө сүйлөп, адалсынганын көргөндө, күйбөгөн жериң күл болбой койбойт. 

Ал эми “мыйзамдагы ууру” менен эмнеге жолугушканын албетте, бир өзү гана билет. Бирок үстүнө “кара булут” айланып, мандатынын тагдыры кылдын учунда турган адамдын жолугуудагы максатын аңдоо кыйын эмес.  Сыягы, Камчы Көлбаевден кандайдыр колдоо сурап, мандатын сактап калуунун амалында жолукса керек. Анда кандай болуп калат? Өмүрбек Бакиров ЖК жыйындарында эле мыйзамдуулукту оозанбаса, андан сырткары жерде мурдагысындай эле түшүнүктөр менен  жашайбы?