Печать
Категория: Коом
Просмотров: 85

Бүгүн, 28-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “2021-жылдын 30-декабрында Москва шаарында кол коюлган, 2014-жылдын 23-декабрындагы Евразия экономикалык бирлигинин алкагында медициналык буюмдарды (медициналык арналыштагы буюмдарды жана медициналык техниканы) жүгүртүүнүн бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралды.

Мындан тышкары, ушундай эле багыттагы “2022-жылдын 10-июнунда Нур-Султан шаарында кол коюлган 2014-жылдын 23-декабрындагы Евразия экономикалык бирлигинин алкагында медициналык буюмдарды (медициналык багыттагы буюмдарды жана медициналык техниканы) жүгүртүүнүн бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору биринчи окууда талкууланды.

Жыйынтыгында мыйзам долбоорлоруна добуш берилип, кабыл алынды.