Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча кылмыш ишин кароо улантылып жатат. Бүгүн экс-депутат Жылдыз Жолдошова көрсөтмө берди. 

Ал айыптуулар отургучунда башкалар отуруп, чыныгы айыптуулар жоопкерчиликтен сырт калып кеткенине зээни кейип жатканын билдирди. Аны менен катар Жылдыз Жолдошова 2010-жылдын июнь айында жүздөгөн адамдардын канынын төгүлүшүнө башкы себепчилер Текебаев менен Отунбаева экенин белгиледи. 

"Өмүрбек Текебаев башка партиялардын лидерлери өзбек диаспорасы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн кызганыч менен кабыл алган. Ал "башка партиялар өзбек диаспорасы менен соодалашууга барса, менин партиям өтпөй калбасын" деп корккон.

Эгер биз Апрель окуясы кайталанбасын десек, үй-бүлөлүк клан болбошу керек! Эгер Ош окуясы кайталанбасын десек, анда бир дагы саясатчы сепаратисттик күчтөр менен соодалашууга барбашы керек!

Менин айтайын дегеним, Ош окуясы боюнча аябай азап чектим. Убактылуу өкмөт тарабынан үй-бүлөмө канча кысым жасалды. Мени эмне гана кылышкан жок. Ошого карабастан өз принцибимден, позициямдан тайганым жок!" - деди Жылдыз Жолдошова. 

Ал судьяга кайрылып, сот процесси калыс өтүшү үчүн кандуу окуяга катыштыгы бар адам, ал ким болбосун, жооп бериши керектигин белгиледи. Ошондой эле, 2010-жылдагы июнь окуясы тууралуу эмоциясыз сүйлөй албашын, анткени, ал окуядан жээнин жоготконун, туулуп-өскөн айылында жүздөгөн адамдар жабыркап, арасында көз жумгандар да бардыгын айтты. 

"Тандалма тергөө жүргөнүнүн негизинде, бул жерде чыныгы күнөөлүүлөр эмес, Убактылуу өкмөттүн башка мүчөлөрү отурганына зээним кейип, жандүйнөм тарып кетти. Урматтуу судья, эгерде ушул сот процесси калыс өтсүн десек, эл, жабыркагандар карап турат, өз мезгилиндеги кандуу окуяларга кайсы президент болбосун жооп бериши керек! Айыптуулардын арасында Текебаев менен Отунбаева отурушу керек!" - деди Жолдошова. 

 Эске салсак, июнь окуялары боюнча кылмыш ишин иликтөө өткөн жылдын апрель айында жанданган.