Печать
Категория: Коом
Просмотров: 232

Жогорку Кеңештин депутаттары Жеңишбек Токторбаев менен Шайлообек Атазов парламент жыйынында Башкы прокуратураны коррупцияга батып калганын айтып, сынга алышкан болчу. Андан эки саат өтпөй аталган депутаттарды башкы көзөмөл органы суракка чакырганы белгилүү болгон. 

Бүгүнкү парламент жыйынында спикер Нурланбек Шакиев президент Садыр Жапаров Башкы прокуратуранын ишмердүүлүгүн текшерүүгө жумушчу топ түзүү тапшырмасын бергенин жана ал аткарылганын билдирди. 

Жумушчу топ бир жуманын ичинде кырдаалды иликтейт жана президентке корутунду беришет.