Печать
Категория: Коом
Просмотров: 185

Соцфонддун чыгымдары ЖК депутаттарын нааразы кылды. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жалолидин Нурбаев Соцфонд көп чыгаша кетирип жатканын белгиледи. 

"Мекеменин кызматкерлеринин иш сапарларына болгон чыгаша 2021-жылы 6 миллион 410 сомду түзс, бул жылы 20 миллион сомго жетти. Ошондо, чыгаша үч эсеге көбөйдү. Андан тышкары, уюлдук байланышка болгон чыгаша арбыган. Өткөн жылы уюлдук байланышка мекеме 7 миллион 900 миң сом кетирсе, бул жылы 11 миллион сом. Башка чыгашалар дагы өткөн жылга салыштырмалуу көбөйгөн: 2021-жылы 13 миллион сом болсо, быйыл 39 миллион", - деди Нурбаев. 

Буга Соцфонддун жетекчиси Бактияр Алиев каражаттын басымдуу бөлүгү санариптештирүүгө кеткенин айтып жооп берди. 

Ал белгилегендей, кызматкерлер аймактан келишет, алардын окуусу үчүн иш сапарлык каражат төлөөгө туура келет. Ал эми санариптештирүү боюнча Соцфонддун акыркы программасы 2008-жылы иштелип чыккан. Ал эскирип калгандыктан, жаңыны иштеп чыгуу зарыл. 

"2023-жылы пенсияга чыккан жарандар ар кандай тастыктамаларды чогулуп кыйналышпасын деген ойдобуз", - деди Алиев.