Соцфонд пенсионерлерге өтө аз өлчөмдөгү пенсия төлөө менен Конституцияны бузуп жатат. Мындай пикирин депутат Дастан Жумабеков Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Ал Соцфонддун жетекчиси Бактияр Алиевден Кыргызстанда учурда эң аз пенсия көлөмү канча экенин сурады.
"Өлкөдө жалпысынан 700 миң 39 пенсионер бар. Анын 10 миң 560ы 2 миң сомго чейинки пенсия алышат. Алар эмгек стажы 10 жылга жетпегендер. Ал эми 6 миң сомдон ылдый пенсияны 74 миң адам алат, 5 миң сомдон ылдыйкы сумма 119 миң адамга берилет", - деди Алиев.
"Конституцияда пенсия, социалдык жөлөкпулдар жана башка социалдык жардамдар мыйзам аркылуу аныкталган жашоо минимумунан ылдый болбошу керек деп жазылып турат. Соцфонд бул пункту 2 миң сомдон аз пенсия берүү менен бузуп жатат. Бул үчүн жарандар Соцфондду сотко берсе болот", - деди Жумабеков.
Ал эми Соцфонддун жетекчиси буга чейин пенсия 3-7 пайызга көтөрүлгөн болсо, бул жылы 33 пайызга көбөйтүлгөнүн билдирди.