Депутаттар ЖК трибунасынан эл көзүнө бирди сүйлөп, иш жүзүндө башканы кыла турганына көнүп деле бүттүк. Буга чейин Жогорку Кеңештин 7-кабатындагы вице-спикерлерге, фракция лидерлерине каралган иш бөлмөлөрдүн бирин ээлеп отурган депутат Өмүрбек Бакиров ал иш бөлмөдөн Президенттин Иш Башкармалыгыны тарабынан чыгарылган эле. Андай чечим фракция лидерлеринин кайрылууларынан кийин кабыл алынганын, иш бөлмө фракция лидерлеринин бирине берилерин Президенттин Иш Башкармалыгынын жетекчиси расмий билдирген.
Ошол учурда депутат Өмүрбек Бакиров: «мага иш бөлмө маанилүү эмес, иштей турган депутатка иш бөлмөнүн деле кереги жок» деп ооз көптүрө сүйлөгөн. Бирок ага 6-кабаттан иш бөлмө берилгенине карабай, ал иш бөлмөгө кирбей, 7-кабаттан түшкүсү келбей жатат. Өзү мүчө болгон «Элдик» депутаттык тобунун лидери Акылбек Түмөнбаев аркылуу ЖКда маселени көтөрттүрүп, иш бөлмөсүнөн такыр кеткиси жок. Суроо туулат, ал иш бөлмөгө Өмүрбек Бакиров эмнеге анчалык жармашты? Акүйдүн 7-кабатынан ылдый түшсө эле бир нерсеси кемип, өзүн ЖК депутаты сезбей калабы?
Аныгында Президенттин Иш Башкармалыгынын чечими мыйзамдуу болгон. Себеби, катардагы депутаттын 7-кабаттагы иш бөлмөлөрдүн бирин ээлеп отурганы мыйзамга да, логикага да туура келбейт. Өмүрбек Бакиров 2020-жылдын октябрындагы «Кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты» дегендей абалдан пайдаланып, ал иш бөлмөнү ээлеп алганы маалым. Ал убакта кырдаал ошондой эле. Мамлекеттин бюджетине күч келтирбөө үчүн талкаланып, тонолгон иш бөлмөлөрдү оңдоп-түзөө, калыбына келтирүү үчүн ошондой чечим кабыл алууга аргасыздык жаралган. Бирок убакыт өтүп, баары жайына келди, бийликтин мыйзамдуулугу орноду. Демек, Акүйдөгү иш бөлмөлөр боюнча да мыйзамдуулук болушу зарыл. «Мен өз акчама оңдотком» деп эле андан чыкпай коюу, бери болгондо беттырмарлык.
Тилекке каршы, айрым эл өкүлдөрү депутаттык мандатты иш бөлмөлөр менен өлчөп, ченейт тура. Өмүрбек мырза кайсы кылган эмгеги үчүн 7-кабаттан түшкүсү жок? Деңгээли төмөн болгону менен дымагы аттын башындай экен. Андан көрө эл өкүлү күзгүгө жакшылап үңүлүп, «мен Акүйдүн 7-кабатында олтурганга татыктуумунбу?» деп өзүнө суроо берип койсо ашыкча болмок эмес.