2022-жылдын 12-декабрында Токтогула Сатылганов атындагы Кыргыз клуттук филармониясында Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылынын салтанаттуу жабылыш аземи өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Анда айтылгандай, иш-чарага расмий өкүлдөрдөн Россиянын маданият министринин орун басары Владимир Осинцев жана Саха Республикасынын маданият жана руханий өнүгүү министри Юрий Куприяновдун келүүсү күтүлүп жатат.
Чыгармачылык топтун катарында М. Пятницкий атындагы мамлекеттик академиялык орус элдик хору, Адыгей мамлекеттик академиялык “Нальмэс” элдик бий ансамбли, С. Зверев-Кыыл Уола атындагы Саха Республикасынын улуттук бий театры бар.
Жалпы чыгармачыл жана техникалык топ 140 адамды түзөт. Учурда салтанаттуу иш чарага даярдыктар жүрүп жатат.
Концерттик программага кыргыз-орус элдеринин улуттук ыр-бийлери, комуз жана балалайкада виртуоз ойноолор камтылат.
Эске салсак, Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында 2020-жылды эки өлкөнүн кызматташтыгынын эриш-аркак жылы деп жарыялоо чечими кабыл алынган. Буга байланыштуу 2020-жылдын 27-февралында Кремль сарайында эриш-аркак жылынын ачылыш аземи өткөн.