Печать
Категория: Коом
Просмотров: 324

12 жаштан жогорку балдарда коронавирустун белгилери чоңдордогудай эле. Бул кургак жөтөл, ангина, мурундун агышы, баш оору жана башка ковид белгилери:

• 37,5-38°C чейинки дене табы;
• мурундан суу агуу;
• тамак оору;
• жөтөл;
• баш оору.

Оорунун башка дагы белгилери болушу мүмкүн:

• булчуң оорусу;
• чарчоо
• алсыздык;
• кээде тамак сиңирүү начарлайт.

Омикрон менен коронавирустук инфекциянын мурунку варианттарына мүнөздүү жыт жана даамды жоготуу өтө сейрек кездешет.

Өзүңүздү жана жакындарыңызды оорунун оор кесепеттеринен сактаңыз.

 Оорунун алдын алуунун бирден бир жолу – ЭМДӨӨ.