Печать
Категория: Коом
Просмотров: 153

"2022-жылдын 30-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында депутат Жанар Акаевдин сөзүнөн кийин текшерүү жүргүзүлдү", - деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматы.

"Жанар Акаевде КР ЖК депутаты Эмил Жамгырчиевдин үйүнөн жана унаасынан качан аудио-видео жазуу жабдыктары табылганы тууралуу маалыматы жок экени аныкталды. Мындан тышкары, ал жеке өзү сөз болуп жаткан техниканы көргөн эмес. Бул тууралуу ал Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында депутат Эмил Жамгырчиевдин жардамчысы Э.Кадыровдон укканын айткан. Өз кезегинде депутат Эмил Жамгырчиевдин жардамчысы Э.Кадыров бул маалыматты телефон аркылуу Эмил Жамгырчиевден алган. 

Учурда депутат Эмил Жамгырчиевдин жүргөн жери белгисиз.

Ошону менен бирге, КР УКМК аудио-видео жазуу жабдууларынын табылышы боюнча, бул атайын жабдууларды орнотуунун себебин жана ким тарабынан коюлганын аныктоо үчүн, ошондой эле  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Эмил Жамгырчиевдин таламдарын коргоо үчүн текшерүү жүргүзүүгө даяр экендигин билдирет", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаттары Чыңгыз Айдарбеков менен Эмил Жамгырчиев дайынсыз болуп жатканы тууралуу айрым эл өкүлдөрү айтып чыгышкан. Айдарбековдун табылбай жатканын депутат Элвира Сурабалдиева маалымдап, аны УКМК кармап кетиши мүмкүндүгүн билдирген. Ал эми Жанар Акаев кечээ, 30-ноябрдагы парламент жыйынында Жамгырчиевди укук коргоо кызматтары кыргыз-казак чек арасынан кармап, Бишкекке алып кетишкенин, машинасынан жана үйүнөн аудио-видео жаздыруучу жабдыктар табылганын билдирген. 

Чыңгыз Айдарбеков кечээ өзү байланышка чыгып, маалымат каражаттарына Казакстандагы тойго келип, андан ары башка өлкөгө жеке иштери менен чыгып кеткенин, жакын арада Кыргызстанга кайтараарын айткан. Ал эми Жамгырчиев тууралуу учурда маалымат жок.