Печать
Категория: Коом
Просмотров: 135

- Бейшенбек ага, "той болоор, тойдун эртеси да болоор" дегендей Курултай да, анын эртеси да болду. Курултай сиз айткандай геосаясатка калкан, коррупционерлерге кылыч боло алабы?

- Албетте, Курултай геосаясатта калкан, ички коррупционерлерге кылыч болот. 30 жылдык чириген системагага вакцина болот.  Курултайдын түпкү маани-маңызы жакшы. Ошон үчүн Кудай колдосун! Курултай орносун! Кыргызстан оңолсун! Коррупция жоголсун деп атам. 

-Элдик Курултайдын резолюциясына сунуш бердиңизби?

- Албетте, бердим. 2022-2023-жылына жаңы конушка10 мектеп, 10 бала бакча, 1 спорткомплекс,1 швейный цех куруш керек. Ошондой эле жаңы конуш боюнча өкмөттүк комиссияны кайра түзүп, кабминдин башчысын  төрага кылып бериниз. Антпесе, 10 жылдан бери жаңы конуш каралбай, "Керимкулов берген байталды Өмүркулов кайта алды, Атамбаев алган байталды, Жапаров кайтарды" болду. Бул биринчиси.

Экинчиси,   050-жылга чейин   кун, шамалдан энергия алуу үчүн 10 ГЭС куруш керек деген улуттук жолбоор кабыл алышыбыз керек. 

Үчүнчүсү,  2022-2032-жылдары электромобилге өтүү. Электромобиль завод куруу керек.

Төртүнчүсү, 2022-2040-жылдары четке кеткен 1.5млн мигрантты 10-15миң жумушчу орунду 100 заводду ачып, көчүрүп келуу зарыл.

Бешинчиси,  2022-2050-ж. Бишкек шаары 500 миң эле кишиге эсептелгенине байланыштуу, бүгүнкү күнү суу, свет, жол тыгын, канализация, ТЭЦ кубаттуулугу жетпей калды. Анткени, борбордо факт жүзүндө 1.5 млн киши жашайт. Ошондуктан, Түштук магистралдын ары жагына 1.5-2 млн элге  ылайыктап, жаңы Бишкек шаарын салып, атын “Манас” деп, “Семетей”,”Сейтек” деп, 7 облустун аталышы менен кичирайондорду салалы. 2050-жылы Бишкектин элинин саны 20 млн болот.

Алтынчысы,  20-30 миң орундуу футболдук зал жана 20-30 миң эл бата турган концерттик зал куруш керек. Ошондой эле кыргыздын 90 өнөрүн чогулткан  экспо-этноцентр “Көчмөн Мурас” деген борбор куруу зарыл.

Жетинчиси,  ТЭЦ-2ни газга өткөрүп, Манас шаарын жылытууга колдонушубуз керек. Ошондой эле таштанды иштетүүчү заводду курушубуз керек. Жаңы өкмөт үйү бүтс, Башкы прокуратураны Жогорку соттун жанына көчүрүп келип, алар отурган имаратка Ч.Айтматов музейи, Манас академиясын ачуу керек.

Сегизинчи. Табийгатка шайкештик программасын кабыл алып, улуттук, тил, каада -салт, үрп -адат, нарк- улуттук долбоорун кабыл алып,  Кыргыздын каада-салты, үрп-адаты, нарк- насили, тили, дили, Манасы ар бир «Кыргыздын» жан дүйнөсүнө  дан азык, жашоосунда жол көрсөткөн алтын казык боло турган абалга жеткиришибиз шарт. Ошондой эле  улуттук долбоор кабыл алышыбыз керек. Генофонд жана ден соолугубуздусактап калышыбыз керек. ООНдун окумуштуулары акыркы 100 жылда жоголуп кете турган 100 улутту аныктаган. Анын ичинде, тилекке каршы, кыргыз улуту да бар.  Ошон үчүн улуттук идеология мыйзамын кабыл алуу зарылчылыгы пайда болду. 

Тогузунчу, Бишкек шаарынын борбордук аянтта турган Манас атанын башы “маң”. Мен кыргыздарга Алтай, Эне-Сай, Тенир-Тоо, Ала-Тоо деген жерлерди калтырсам, булар мени ЛЕНИН, ОКТЯБРЬ, ПЕРВОМАЙ, СВЕРДЛОВ деген жерге алып келип, коюп салышты деп. Ошондуктан өз жерин өзүнө берели. 2050-жылы МАНАС шаарын куруп бүтүп, мамлекеттин атын Улуу Кыргыз каганаты деп, декларацияны кабыл алып, дүйнөгө жарыялайлы. 2050-жылга чейин Улуу Кыргыз каганаты дөөлөтүбүз бизге ата-бабанын улуу жолу болуп, багыт- маяк болуп берсин. Ошого умтулалы.

Онунчу,  2024-жылы Кыргыз Автономиялык республикасына түзүлгөнүнө 100 жыл болот. Ошого даярдык көрөлү. Орхон-Эне-Сай жазмасын- ЮНЕСКОдон Кыргыздыкы деп каттаталы. Кыргызстанга 2200 жыл эмес, 3000-7000 деп кабыл алдыралы. Кыргыз элинин ТАРЫХЫН тактап, Манас 201-ж.б.з.ч.2. Атилла- 230-ж.б.з.ч.. Томирис Тумар эне-570-ж. Барсбек каган-640-ж. Сафед Булан -711-ж. Атлах Талас-751-ж. Кыргыз каганаты, Уйгур каганатын жок кылышы 840-жыл. Кыргыз-монгол-Чынгызхан согушу. Кыргыз-Темирлан согушу. Кыргыз-калмак согушу. Кыргыз-казак согушу. 1916-ж Улуттук боштондук согушу. Ушул тарыхтар боюнча жаны китептерди чыгарып, мектептерде, жогорку окуу-жайларда окутууга жетишишибиз керек. Ошондой эле   Курултай адамзаттын жашоосунда эн алгачкы эл башкаруу, эл менен мамлекет ортосундагы мамиле катары эл башкаруу институту катары ЮНЕСКОдон кыргыздардын улуттук материалдык эмес байлыгы катары каттоо зарыл.

Он биринчи, кыргызды кылымдарга сактап калуу институттарын бекемдешибиз керек. Үй - бүлө институтун, курултай институтун,бектер-бийлер институтун,хан институтутун жана Жогорку Кеңеш институтун.  Кыргызстанда президент, Министрлер Кабинети, Жогорку Кеңеш ж.б. бийлик бутактары жок кезде, кезексиз курултай чакырылып, мыйзам жолуна курултай түшүрө турган кылышыбыз керек. Ошондой эле  Россиядагы 1.5 млн мигрант 30жылдан бери 1 депутат Госдумага шайлай албай жатышат. Ошондуктан Кыргыз Республикасынын президенти “Единая Россия” партиясы менен сүйлөшүп, 3-4 депутатты Госдумага өткөрүүнү макулдашышыбыз керек. 30 жыл адашып, белгисиз маршруткага тушуп алып, бир айланып, белгилүү аялдамадан түшүп калып жатабыз. Биздин аялдама - төңкөрүш. Эми 30 жылдык тарыхты кайталабай, кубалашпай, кылымдарды карыткан Ата-баба жолуна түшсөк, салттуу, нарктуу, ооматтуу, дөөлөттүү Улуу Кыргыз каганатындай мамлекет болобуз.