Печать
Категория: Коом
Просмотров: 485

- Кыргызстанда жашаган бардык улут армияга барып, аскердик кызматын өтөп келиши керек. Кыргызстан баарыбызга керек. Мекенибиздин тынчтыгы баарыбыз үчүн маанилүү. Ошон үчүн мындан ары башка улуттар жана аткаминерлер өз балдарын альтернативалык жол менен аскердик кызмат өтөтпөй койгонун токтотушу керек. Бардык улуттун балдары карапайым кыргыз балдардай болуп, аскердик кызматын өтөшү кажет. Курултайда суу, көпүрө, мектеп, бала бакча деген маселелерди эле чечпестен, улуттун кызыкчылыгын, мамлекеттин бекемдигин камсыз кылган ушундай маселелер да чечилиши зарыл.