- Жакыпбек ата, курултайда көтөрүлгөн маселелер кагаз жүзүндө калбайт, чечилет деп ишеним артсак болобу?
- Албетте, болот. Ошон үчүн президент баш болуп отурат да. Минитсрлер ар бир кайрылган адамдарды кабыл алып жатышат. Буюрса, Курултай оң жыйынтыгын берет. Бийлик менен элдин ортосундагы ажырымды жоготот деген үмүтүм зор. Айтылган, көтөрүлгөн маселелер көз жаздымда калбайт. Президент ар бир делегаттын көтөргөн маселесинин отчётун талап кылат деп ойлойм.
- Сиз сүйлөгөндө жыйын жанданып кетии го?
- Ооба, сөз берилип калгандан кийин Курултайдын катышуучулары менен ыр менен саламдашып, анан Манас атабызды даңктадым. Маселемди айттым. Курултайдын жакшы өтүшүнө дем бердим.