Кемпир-Абадды шылтоо кылып, бийликти кулатып, төңкөрүш жасоону пландап, арам ойлору ишке ашпай, учурда соттолуп жаткандарды айрымдар дале актап, аларды баатыр, саясий куугунтук көрсөткөндөрүн   токтотподу. Кээ бирлердин жазгандарын окуп отурсаң, аларга жок жерден эле кылмыш иштери козголуп, садага чабылып жаткандай таасир жаралат. Бирок чындыкты эч жакка ката албайбыз. 

Ала кушту атынан атайлы. Камалгандар кимдер? Чындап эле аппак, таптакыр күнөөлөрү жок саясий куугунтук жеп жаткандарбы? Албетте, жок. Күнөөлөрү опол тоодой. Батыштан каражат алып, анын жардамы менен элди көчөгө алып чыгып, төңкөрүш жасоону, элдин ичине бүлүк салууну, саясий абалды чыңалтууну, жасалма жол менен революциялык кырдаал жаратууну көздөгөндөр эле. Чындап келгенде алардын артында «үрүп чыгар иттери» жок. Бирок сырттан келген акчалардын жардамы менен бузукулук, чагымчылдык иштерди кылышып, бүлүк салууну, элди бийликке каршы тукурууну максат кылышкан. Камалгандар канчалык карганышпасын, өздөрүн ак көрсөтүшпөсүн, алардын жакындары канчалык акташпасын, жакташпасын, ачуу чындык ушундай. 

«Койнунда котур таштары» бар бир ууч топ камалгандан кийин Кемпир-Абад темасы бүтүп, коом  негативдерден, каралоолордон, деструктивдүү, провакациялык маалыматтардан арылып эле калды. Эми мыйзам чегинде өз жазаларын алышсын! Аларга бийлик, байлык, мансап керек болсо, Кыргызстанга туруктуулук, элибизге тынчтык керек. Өлкөнүн, элдин тагдыры менен ойноого, мамлекетибиздин келечегине балта чабууга  жол берилбесин!