Печать
Категория: Коом
Просмотров: 176

КР УКМК тарабынан Кыргызстандагы диний-экстремисттик жана террористтик уюмдарга каршы аракеттенүү боюнча алдын алуу иш чаралары улантылып жатат.  Анын алкагында “Хизб ут-Тахрир” диний экстремисттик уюмдун (ДЭУ) мүчөлөрүн жана тарапташтарын түшүндүрүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

УКМКнын маалыматына караганда, көрүлгөн профилактикалык иш-чаралардын жыйынтыгында Сузак районунун тургуну Х.А.С. радикалдык көз карашынан эл алдында баш тартканын билдирди. Х.А.С. 2005-жылдан бери “Хизб ут-Тахрир” ДЭУ кылмыштуу ишмердүүлүктөрүнө катышып, экстремисттик активдүү кызматкерлер менен жашыруун байланышта болгон. 

Профилактикалык иш чаранын жүрүшүндө Х.А.С. тандап алган диний багытынын туура эместигин моюнга алып, жарандарды “Хизб ут-Тахрир” ДЭУ мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алданбоого чакырды.

Азыркы учурда КР УКМК тарабынан “Хизб ут-Тахрир” ДЭУ ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу, ошондой эле аталган диний-экстремисттик уюмдун мүчөлөрүнүн арасында профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү боюнча иштер улантылууда.