Печать
Категория: Коом
Просмотров: 162

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев Кыргызстандын тарыхында өтө орой, массалык камоолор буга чейин орун алып келгенин билдирди. 

"Мен тарых үчүн кыргыз элибиздин, депутаттардын алдында айтып коеюн. Айрым биздин кесиптештер маалыматты бурмалабай, так, ачык айтышын каалайм. Комитеттин жыйынында кесиптешибиз "Массалык камоолор абдан орой болду, Кыргызстандын тарыхында мындай боло элек болчу" дегендей пикирин айтты, мну менен жалган жалаа таратты. Эсиңерге салып коеюн, 2019-жылы, Сооронбай Жээнбеков президент болуп турганда кан досу Атамбаевди колун кайрып келип камабады беле. Бүткүл дүйнө жүзүнө шерменде кылып. Ошол окуядан бир аскер кызматкери каза таап, дагы бир аскер кызматкери Самат Курманкулов алган жараатынан майып болуп, азыр арабада отурат. Бул камоо эмеспи? Кесиптешке айтат элем, ошол убакта Сооронбай Жээнбековдун этегине намаз окуп, бир тууган иниси Асылбек Жээнбековдун портфелин көтөрүп, тышкы иштер министри болуп жүрбөдү беле. Ошондо бул абдан орой камоо болду деп айтпайт беле?!" - деди Жеңишбек Токторбаев.