Кыргызстан кезектеги жолу учкучсуз учак сатып алды. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев соцтармактагы баракчасына жарыялады. Ал белгилегендей, Түркияда иштеп чыгарылган "АКсунгур" аскердик учкучсуз аппараты Кыргыз аскерине алынды.
"Эми "АКСУНГУР" да биздики!" - деп жазды Камчыбек Ташиев.
Aksungur - түркиялык Türk Havacılık ve Uzay Sanayii компаниясы иштеп чыгарган учкучсуз учуучу аппарат.
АКсунгур - визуалдык жана радио, чалгындоо, деңиз патрулдары үчүн жана сокку уруучу дрон катары иштелип чыккан.
Жалпы мүнөздөмө:
Узундугу — 12,0 м
Канаттарынын узундугу — 24,0 м
Бийиктиги — 3 м
Жүксүз салмагы — 1800 кг
Максималдуу учуу салмагы — 3300 кг
Пайдалуу жүк — 750 кг
Кубаттуулугу — 2 даана TEI PD170 турбовинттик кыймылдаткыч, кубаттуулугу 170 л.с. - 220 л.с. (126 кВт—164 кВт) ар бири.
Учуу мүнөздөмөсү:
Крейсердик ылдамдыгы — 250 км/саат
Максималдуу аралык — 6500 км
Учуу убактысы — 40 саат
Учуу бийиктиги — 12 192 м