КР УКМК тарабынан КР аймагындагы контрабандага каршы аракеттенүү, аныктоо жана ага бөгөт коюунун алкагында, ушул жылдын 22-июнунда УКМК чек ара кызматкерлери жана КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын “Баткен” бажысынын кызматкерлери менен биргеликте КР Т.Ж.С. аттуу жарандын башкаруусундагы “Камаз” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унааны, коңшу мамлекеттин аймагынан дарбыз, күрүч жана элге керектелүүчү азыктарды жүктөп келе жаткан жеринен кармаган.
Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.
Мыйзамсыз аткезчилик боюнча козголгон административдик иштин алкагында, 21-октябрда Лейлек райондук сотунда автоунаанын айдоочусу Т.Ж.С. күнөөсүн мойнуна алган.
Баткен облусунун Лейлек райондук сотунун токтому менен, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 372-1-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык “Камаз” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа мамлекеттин пайдасына конфискацияланууга жатат. Т.Ж.С. карата 60 миң сом өлчөмүндө айып жана товар үчүн бажы төлөмдөрүн төлөө салынды. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын укук ченемдик актыларына киргизилген өзгөртүүлөрдүн негизинде Лейлек райондук сотунун токтому менен “Камаз” үлгүсүндөгү унаа мамлекеттин пайдасына конфискацияланган.