Печать
Категория: Коом
Просмотров: 195

 Казакстандын эки жараны 26-октябрда кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" бекети аркылуу Өзбекстанга чыгып кетүүгө аракеттенип жаткан учурда кармалды. Бул тууралуу КР УКМКдан билдиришти. 

Маалыматка караганда, алар 23-октябрда Кыргызстанга чек арадан мыйзамсыз өткөнү аныкталган.

Бул факты боюнча Казакстандын эки жараны - Ж.А.Е. менен Б.Д.Дга карата Кылмыш кодексинин 378-беренеси ("Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү") менен кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш ачылган. 31-октябрда Бишкектин Октябрь райондук соту тарабынан кармалган жарандар эки айга №1 тергөө абагына камалды.