Депутат Элмурза Сатыбалдиев бүгүн, 20-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында эмнеге депутаттар Чыңгыз Айдарбековго ишеним көрсөтпөй жатканын ачыктады.
Эске салсак, беш фракция Чыңгыз Айдарбековду эл аралык иштер, коргонуу, коопсуздук жана миграция боюнча комитет башчылыгынан алуу чечимин чыгарган.
"Мен Чыңгыз Айдарбековду сыйлайм. Ал Кыргызстандын сабаттуу жаштарынын бири деп эсептейм. Кеп чек арада же Кемпир-Абадда эмес, кептин баары ал комитет жыйынын ачып, өткөрүп, акырында жоопкерчиликтен качып, комитеттин чечимине кол койбой койгонунда болуп жатат. Кесиптештер, ушуну билип коюңуздар. Мен деле кайсы бир кагазда кол кое бергендерден эмесмин. Комитеттердин башчылары сөзсүз түрдө комитеттин чечимине колун коюшу керек, эгер андай болбосо, анда ал адам жоопкерчиликтен качып жатат. Мен бул тууралуу Айдарбековдун өзүнө да айттым. Ал жерде 10 депутат, алардын арасында өзү да каршы болгон учурда дагы, башчы нотариус сыяктуу эле колун сөзсүз коюшу керек", - деди Сатыбалдиев.
Анын билдирүүсүн төрага Нурлан Шакиев дагы кубаттады.
Эске салсак, Чыңгыз Айдарбеков аталган комитеттин жыйынында кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимди кароо учурунда комитеттеги депутаттар кабыл алган протоколго кол коюудан баш тарткан.