Печать
Категория: Коом
Просмотров: 72

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов 20-30 жылда суунун көлөмү азая турганын белгилеп, ошондуктан, суу сактагыч куруу зарылдыгын айтты. 

Ага жооп иретинде Акылбек Жапаров суу сактагычтарды курууну ойлонуштуруп жатышканын белгиледи. 

"Учурда биз өлкөдөгү бардык суу сактагычтардын картасын даярдап жатабыз. Союз убагында болгондорду да калыбына келтирип, суу сактагычтарды курууну ойлонуштуруудабыз. Ошондуктан, чоң программа кабыл алып, 1 миллиард сомдук жаңы техника сатып алдык. Биз сууну сактаганды үйрөнүшүбүз керек. Тез арада "Камбар-Ата-1ди" куруу зарыл. Коңшу мамлекеттер жардам берээрин билдиришти. Мындай демилге менен Англия жана Франциядагы компаниялар дагы кайрылышты. Эгер "Камбар-Атаны" курсак, суу маселеси жок болот", - деди Жапаров.